Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-апрели № 8
Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн таштуу жайыт жерлерин Өнөр жай, транспорт, байланыш,коргонуу жана башка багытындагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21,2017-жылдын 1-июнундагы №95 Мыйзамдарынын редекциясына ылайык Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн инфраструктурасын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл Региондорду өнүнктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын” ишке ашыруу максатында Ак-Сай айылынын түштүк тарабына тоок ферма куруу максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылынын түштүк тарабынан 1,0 (бир) га таштуу жайыт жер аянты тоок ферма куруу учун “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай,транспорт, байланыш,коргонуу жана башка багытындагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Б. Арапов |