Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-апрели № 10
Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы өздөштүрүлгөн жер аянтынын түрүн которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы 306-токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү үчүн жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде берилген жерлердин түрүн өзгөртүү максатында Ак-Сай айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылынын тургуну Хусейнов Акрам Азимовичтин Көк-Таш айылынын СМУ участкасындагы 0,60га жер аянты өздөштүрүлүп көп жылдык мөмө-жемиш, бак дарактарына айлангандыгына байланыштуу таштуу жайыт жер аянтынан көп жылдык мөмө-жемиш бак дарактары түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Арапов |