Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ОН ЖЕТИНЧИ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 15-ноябры № 17-17/2
1. АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун үчүнчү этабына коомчулукка тийиштүү айылдардагы социалдык жана экономикалык инфраструктураны жакшыртуу максатында өтүлгөн конкурска катышуунун алкагында фокус топтордон айылдык жана айыл аймактык жыйындарда келип чыккан .
- Ири долбоор катары Баш-Кууганды айылынын коомдук мончосун ремонттон өткөрүү .
- Кичи долбоор катары Баш-Кууганды айылындагы көчөлөрдү жарыктандыруу жана трансформатор орнотуу максатында , кичи долбоор болуп , бириктирилип кайчылаш долбоор катары сунушталган сунушу жактырылсын.
2. Жактырылган долбоорлор АРИСтин АИД-3 этабынын конкурсуна катышуу үчүн облустук конкурстук комиссиясына сунушталсын.
3. Долбоорлор облустук конкурстук комиссияда жактырылса, 3,75% өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүүгө кепилдик берилсин.
4. Конкурска катышууга тийиштүү документтерди даярдоо жагы демилгечи топтун курамына тапшырылсын .
5. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам .
Төрага | К. Ажыгулов |