Редакцияот 13.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин ХХ шайланыштагы кезекcиз XVI сессиясы

 

2015-жылдын 13-февралы № 1

Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын 26-беренесинин, 1-бөлүмүнүн, 1- бөлүмчөсүнө ылайык, Тогуз-Торо айыл аймагынын Тогуз-Торо айылдык Кеӊеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31- беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо айыл аймагынын Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин токтомдору мындан ары мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Токтом расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук атылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Тогуз-Торо айыл аймагынын жооптуу катчысына (М. Исаковага) милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары (К.Садыровго) тапшырылсын.

 

Төрага

А. Көчөрбаев