Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жѳнʏндѳ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн бюджетинин 2017– жылга киреше жана чыгаша бѳлʏктѳрʏ “ Кыргыз Республикасынын 2017 – жылга республикалык бюджети” жѳнʏндѳгʏ , “ Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруунун финансы – экономикалык негиздери” жѳнʏндѳгʏ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Салык Кодекси жѳнʏндѳгʏ мыйзамдарынын талаптарына ылайык Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнѳ жеткирилген контролдук цифранын негизинде айылдык Кеңештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясында каралды.
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жѳнʏндѳгʏ айыл ѳкмѳтʏнʏн финансы – экономика бѳлʏмʏнʏн башчысы Д.Жунусованын билдирʏʏсʏн угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXшайланышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-жылга жергиликтʏʏ бюджети кирешелер боюнча 8071.9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 8071.9 миң сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-2019-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2018-2019-жылдарга жергиликтʏʏ бюджетинин негизи кѳрсѳткʏчтѳрʏнʏн болжолу жактырылсын:
2018-жылга 8354.7 миң сом суммасында
2019-жылга 8764.2 миң сом суммасында.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-жылга жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бѳлʏгʏ №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес тѳлѳмдѳрʏ ,трансферттер жана башка кирешелер боюнча тʏшʏʏлѳрдʏн эсебинен тʏзʏлсʏн.
4. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-жылга жергиликтʏʏ бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 1 январь 2017-жылга карата айыл ѳкмѳтʏнʏн жергиликтʏʏ бюджетинин бюджеттик каражаттарын 126.0 миң сом суммасындагы калдыгы айыл ѳкмѳтʏнѳ караштуу Ынтымак айылынын ички жолдорун ондоо ʏчʏн ѳткѳрʏлгѳн проектинин ѳздʏк салымы ʏчʏн 112,5миң сом,айыл ѳкмѳтʏнʏн балбаны Т.Мурзалиевдин атына ѳткѳрʏлѳ турган кʏрѳш боюнча турнирине байге сайууга 13,5 миң сом жумшалсын жана атайын каражаттарынын 5,0 миң сом суммасындагы калдыгы ар кандай чыгымдары ʏчʏн № 5 тиркемелерге ылайык аткарыла турган иш чаралардын тизмесинин негизинде бекитилсин.
6. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн жергиликтʏʏ бюджеттин ичинен 75.3миң сом суммасында резервдик фонд болуп бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер(эмгек акы,соц фонддуна чегерʏʏлѳр,тамактануу) жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтʏʏлѳр боюнча(электроэнергия,кѳмʏр,телефон байланышы ж.б) жʏргʏзʏлсʏн.
8. Кыргыз Республикасынын Ɵкмотʏнʏн токтому менен бекитилген электроэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу,ар ай сайын тиешелʏʏ мекемелер менен эсептешʏʏ иштери камсыз кылынсын.
9. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн жергиликтʏʏ бюджеттин ичинен 2215 беренесинен 130,0 миң сомду Бʏткʏл дʏйнѳлʏк уюмдун «Азык-тʏлʏк»программасы боюнча ѳткѳрулгон проектинин ѳздʏк салымы ʏчʏн жумшалсын.
10. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн жергиликтʏʏ бюджеттин ичинен 3111 беренесине 305,9мин сом каралып,мунун ичинен Жанылмырза балдар бакчасынын имаратынын сыртын капиталдык ремонттон откоруу учун ѳткѳрʏлгѳн проектинин ѳздʏк салымы ʏчʏн 89,4миң сом,Ленин айылындагы кʏмбѳзгѳ барчу жолду ремонттон ѳткѳрʏʏгѳ 30,0миң сом,Ленин айылындагы тургузулган «Тобок» атанын кʏмбѳзʏнʏн айланасын тосууга 50,0мин сом,Дѳдѳмѳл ,Кош-Булак айылдарындагы жаны уюшулуп жаткан парктарды жашылдандырууга 30,0 миң сом,Ɵрнѳк айылына ѳрукзар уюштуруу ʏчʏн ѳрʏктʏн кѳчѳтʏн алууга 50,0миң сом,Дѳдѳмѳл айылындагы жаңы салынган ʏйлѳрдʏн кѳчѳлѳрʏн жарыктандырууга 30,0миң сом,Ленин айылынын тургуну балбан Токон Мурзалиевдин элесине арнап турнир ѳткѳрʏʏгѳ 11,5 миң сом,Дѳдѳмѳл,Кош-Булак айылдарынын ортосундагы жолдун карын кʏрѳтʏʏгѳ 15,0миң сомдук акча каражаттары жумшалсын.
11. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн жергиликтʏʏ бюджеттин атайын каражатынын ичинен 3111 беренесине комбайндын кызмат акысынан тʏшкѳн акча каражатынын эсебинен Ɵрнѳк айылынын кѳчѳлѳрʏн оңдоого 100,0миң сом,Дѳдѳмѳл айылынын ички жолдорун оңдоого 70,0миң сомдук акча каражаты жумшалсын.
12. Чыгашаларды кварталдарга бѳлʏштʏрʏʏдѳ биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы,соц фонддуна чегерʏʏлѳр,тамактануу) жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтʏʏлѳр боюнча(электроэнергия,кѳмʏр,телефон байланышы ж.б) бѳлʏштʏрʏлгѳндѳн кийин калган турак жай чарбалык чыгымдарга керектѳѳлѳр жасала турган жумуштун убактысына жараша бѳлʏштʏрʏлсʏн.
13. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык Кеңештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Чекиев Эрнистке жана айыл ѳкмѳтʏнʏн финансы экономика бѳлʏмʏнʏн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Төрага | Р. Ажыбаев |