Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 2
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн стратегиялык жана инвестициялык планын бекитүү жана АРИС долбооруна конкурска катышуучу ири жана кичи конкурсутук сунушту бекитүү тууралуу
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын стратегиялык жана инвестициялык планын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиялык жана инвестициялык планы бекитилсин. (страт план тиркелет)
2. АРИС долбооруна конкурска катышуучу кичи конкурска Дөдөмөл айылынын “Наристе “ бала бакчанын имаратын куруу долбоору жактырылсын.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн стратегиялык пландарын жактырылган ири долбоорун, облусттук конкурстук комиссияга өз убагында белгиленген мөөнөөттөн кечиктирбей тапшыруу жагы Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башысы Р.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жергиликтуу өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат. (төрагасы Илиязов Нурзатбек)
Төрага | Р. Ажыбаев |