Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3
2017-жыл үчүн айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарын бекитүү тууралуу
2017-жыл үчүн айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын түзүлүшү, мазмуну тууралуу А.Көчөрбаев билдирүү жасады, анда иш пландар туруктуу комиссиянын отурумунда алдан ала карап чыгып, алымча кошумча киргизилип комиссияалардын кортундусуна ылайык, кабыл алгандыгын билдирди. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2017-жыл үчүн түзүлгөн иш пландары тууралуу төрага А.Көчөрбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. 2017-жыл үчүн түзүлгөн Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин иш планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
3. 2017-жыл үчүн түзүлгөн Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш планы №2, №3,№4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.(тиркелет).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
Төрага | А. Көчөрбаев |