Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 4
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 09-февраль 2017-жылдагы № 1 протколун бекитип берүү жана долбоор аркылуу «Жайыт пайдалануучулар бирикмесине» техника алуу боюнча өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмсесине техника алуу боюнча өздүк салымын которууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартышытыгынан акча каражатынан жардам берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап ( XX шайланышынын) кезектеги ХХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 09-февраль 2017-жылдагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Жайыт пайдалануучулар бирикмесине» Беларусь трактору, прессбодборщик, соко, тырмоо, погрузчик, косилка комплектисин сатып алуу боюнча АРИС долбоору аркылуу 3 593 219 (үч миллион беш жүз токсон үч миӊ эки жүз он тогуз) сомдук долбоор сунушталган, жетпеген 898 330 ( сегиз жүз токсон сегиз миӊ үч жүз отуз) сомду фонддун бюджеттик каражатынын эсебинен бөлүп берүү жагы Тогуз-Торо районунун Өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абдыкадыровго жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Мамыт уулу Сагынбекке тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусу мекемесинин комиссиясынын кароосуна жиберилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражатарына же сайтка жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р. Ажыбаев |