Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 1
Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2016-жылдын 12 айынын жыйынтыгы жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. .Тогуз-Торо айыл өкмотүнүн башчысы Р.Абдыкадыровдун айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2016-жылдын 12 айында аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Төрага | А. Көчөрбаев |