Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 2
Аздек балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасына бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Сасиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХХIVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аздек балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасына курууга жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүү долбоорго өткөндүгүнө байланыштуу өздук салым үчүн 81 285 сом акча каражаты 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин 3111 беренесинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
3. Токтом массалык маалымат сайттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.Көчөрбаев |