Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 5
Н.Турдалиеванын арызы жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылынын тургуну Н.Турдалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. .Өрнөк айылынын тургуну Н.Турдалиеванын айылдагы жериндеги бузулуп калган сооружениясын 2017-жылдын 15-апрелине чейин айыл чарбасы боюна туруктуу комиссиясы жеринен барып, текшерип арыз ээсине маалымат беришсин жана кийинки сессияга маалымат даярлашсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.Көчөрбаев |