Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 6
М.Ысакованын кайрылуусу жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Казарман айылынын тургуну М.Ысакованын кайрылууларын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылынын тургуну М.Ысакованын кайрылуулары эске алынсын жана Кайынды каналы боюнча жеринен барып көрүп келүү жагы тапшырылсын, көрүп келүү боюна комиссия түзүлүп, комиссияга М.Ысакова кошулсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенеште түзүлгөн туруктуу комиссия төрагаларына ( Э.Чекиев, Н.Илиязов, У.Карабаве) жүктөлсүн.
3. Токтом массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.Көчөрбаев |