Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 7
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жѳнʏндѳ” Мыйзамынын 4-беренесинине ылайык Жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу жѳнʏндѳ
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу боюнча маселесин угуп жана талкуулуп (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары ѳткѳрʏп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерине башкарууну жана пайдаланууну жергиликтʏʏ кеңеш тарабынан ырасмий бекитилеген Жайыттарыды башкарууну жана пайдалануу боюнча жамааттын кѳп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жʏргʏзʏʏсʏ милдеттендирислсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бѳлʏгʏндѳ кѳрсѳтʏлгѳн пландар ѳз убагында аткарылбасв же аларды иш жʏзʏндѳ ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичине Жайыт комитетининкарамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса, иштетилсе, ѳткѳрʏлʏп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу органы кайтарып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана нын аткаруу органы Жайыт Комитетине эскертилет.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитеинин бардык мʏчѳлѳрʏнѳ, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укутуу мамлекеттик органынын жана анын жергиликтʏʏ ырасмий ѳкʏлчʏлʏктѳрʏнѳ Жайыт пайжалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландаргаылайык ѳз алдынча толугу менен тийиштʏʏ отчетторду, маалыматтарды берип турууга милдеттʏʏ.
5. Жайыт комитетине жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ѳз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитʏʏдѳ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай кѳрсѳтʏлʏп туруусу белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын тейлѳѳ Тогуз-Торо айыл аймагынын башчысы Р.Абдыкадыровко жʏктѳлѳт.
Төрага | А.Көчөрбаев |