Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-майы № 2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жылга карата бюджети 242125 сом, чыгаша бөлүгү 242125 сом деп бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. 2017-жыл үчүн жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысы 6666,00 сом, эсеп бухгалтеринин эмгек акысы 4000,00 сом болуп бекитилсин.
3. Токтомду райондук сайтка жарыялоо айылдык Кеӊештин жооптуу катчысы И.Борболдоевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А.Көчөрбаев |