Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-майы № 3
Малдын башына алынуучу жайыт акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн малдын башына алынуучу салык төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
Уй- 1 башка 65 сом
Жылкы-эшек 1 башка 65 сом
Кой-эчки 1 башка 13 сом
2. Токтомду райондук сайтка жарыялоо айылдык Кеӊештин жооптуу катчысы И.Борболдоевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А.Көчөрбаев |