Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 1
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына кирген талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XX шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү № 2089, № 2090, № 2091 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына корсотулгон талапкерлердин тизмеси № 1, № 2, №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин катчысы И.Борболдоевге тапшырылсын жана массалык маалымат сайттарына жарыялансын.
Төрага | К.Садыров |