Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 2
М.Ысакованын пайдасына аргасыз бош жүргөн күндөрү үчүн 90904 сом 85 тыйын жана 15000 сом моралдык зыян болгон төлөмдү Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөп берүү жөнүндө
Айылдык кенештин алдындагы бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияынын сунушун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 6-сентярындагы № 5-1374/17 ГД сандуу токтомунун негизинде жана М.Ысакованын аргасыз бош жүргөн күндөрү үчүн 90904 сом 85 тыйын жана 15000 сом моралдык зыян болгон төлөмдү төлөп берүү боюнча мыйзамдуу жагын карап тактап чыгуу айылдык Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2. Мамлекеттик алым болгон 9904 сом 85 тыйыйн жана 1500 сом айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |