Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 3
Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун экинчи этабынын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Тогуз-Торо райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 25.10.2017-жылдагы № 192 сандуу катын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун экинчи этабынын прейскуранты бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |