Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 4
Тогуз-Торо айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын салык кодексине 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык К3 зоналдык Коэффициентинин өлчөмдөрү боюнча
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пункутунун негизинде Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аймагында К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү боюнча айылдык кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык Тогуз-Торо айыл аймактарында К3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык учун
К3 = 1 өлчөмүндө.
Коммерциялык иш жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактарга айыл аймагынын борборуна жана айыл аймагынын борборунан тышкары баардык аймактарга К3 = 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
Кен өнөр – жайыныны ишканалары өнөр жай , транспорт,курулуш байланыш жана энергетика ишканалары , аба транспорт, коомдук тамактануу, мейманкана, банкттар, курөөканалар, акча алмашуу пунктары, офистер, авто май куюуучу станциялар, иштетилип жаткан кендер, карерьлер, шахталар, разрездер, кум төгүүчү жайлар жана санитардык коргоо зоналары
К3 = 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Транспорттук ишканалардын административдик имараттары:
Айровокзалдар, аэропорт, автовокзалдар, автостанциялар жана чакан базарлар, соода базар комплекстери, мал,жем сатуучу базарлар К 3=1,2 өлчөмдө белгиленсин.
3. Жогоруда аталбай калган юридикалык жана физикалык жактар учун К3=1,2 барабар өлчөмүндө.
4. Бул токтом 1-январь 2018-жылдан баштап күчүнө кирет ,31-декабрь 2020- жылдан кийин күчүн жоготот.
5. Иштебей токтоп турган дүкөндөргө, киоскилерге, чакан ишканаларга 0,3 коэффиценти колдонулсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизуу жагы айыл окмотунун башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |