Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 5
Айыл өкмөтүнө ветерниардык адис жана оператор кызматын ачуу жөнүндө
Тогуз-Торо райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 01.11.2017-жылдагы № 201 сандуу катын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин карап чыгып, малдарды идентификациялоодон өткөрүүдө учет иштерин өз убагында жүргүзүүгө, идентификациядан өткөн малдарды бирдиктүү мамлекеттик реестри программасын иштешине алып барууда оператор жана ветеринар кызматын карап чыгуу айыл өкмөт башчысы У.Көчөрбаевге тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |