Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 6
Дөдөмөл айылындагы №5 ҮДТна маркум Абдыманбетов Акандын наамын берүү жөнүндө
Дөдөмөл айылынын № 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамаатынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөдөмөл айылдык № 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун түптөлүшүнө жана саламаттыкты сактоо тармагына өз салымын кошуп келген маркум Абдыманбетов Акандын ысымы ушул ҮДТна наамы ыйгарылсын.
2. ҮДТна тийешелүү табличкаларды илүү айыл башчысы Д. Турусбековго, СВА башчысы К.Жетибаевга тапшырылсын.
3. ”Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы № 488-токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |