Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 7
Дөдөмөл айылынын тургуну Эрмендиров Базардын арызы жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөдөмөл айылынын тургуну пенсиоер Эрмендиров Базардын арызы боюнча туруктуу комиссия тийешелүү иш кагаздарын топтоп, кийинки сессияга алып чыксын.
2. Дөдөмөл айылындагы Наристе балдар бакчасынын имаратын убактылуу жаны мектеп бүткөндүгүнө байланыштуу эски мектептин ашканасына же бөлөк жайга көчүрүү жагы айыл өкмөт башчысы У.Көчөрбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |