Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 8
Ленин айылынын жаштарынын арызын кароо жөнүндө
Ленин айылынын жаштарынын арызын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылынын жаштарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Ленин айылындагы кичи футбол аянтчасынын айланасын карап, убагы менен ачып, жаап, тазалыгын сактап, жоопкерчилигин алуу жагы Жунушалиев Анарбек менен бирге жаштар комитетине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |