Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-ноябры № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдируусун угуп, жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXIшайланышынын) кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айылдык Кенешинин 13.02.2017-жылдагы №1 токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгундөгү айрым беренелеринен айылдык клубдун 3112 беренесинен 80,0мин сом,балдар бакчасынын 3112 беренесинен 54,0мин сом,орто мектептин 3112 беренесинен 30,0мин сом,аппараттын 2215 беренесинен 36,0мин сом кыскартылсын.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл окмотунун Калдыбай орто мектебинин кышкы жылытуусу учун 50тонна көмүр зарыл керек болгондуктан, айылдык клубдун 3112 беренесинен 80,0мин сом,балдар бакчасынын 3112 беренесинен 54,0мин сом,орто мектептин 3112 беренесинен 30,0мин сом,аппараттын 2215 беренесинен 36,0мин сом кыскартылып,орто мектептин 2224 беренесине көмүр алуу учун жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
4. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Р. Ажыбаев |