Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл окмотунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018– жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү “ Кыргыз Республикасынын 2018 – жылга республикалык бюджети” жөнүндөгү , “ Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан бекитилген Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүп, айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясында каралды.
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсун угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюна 8705,3 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 8705,3 мин сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизи көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
2019-жылга 8677,1 мин сом суммасында
2020-жылга 8530,9 мин сом суммасында.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү ,трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинен 81,70миӊ сом суммасында резервдик фонд болуп бекитилсин.
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц фонддуна чегерүүөр, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ( электроэнергия, көмүр, телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электроэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
8. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинен 3111 беренесине 443,0мин сом каралып, жолдорду капиталдык оӊдоого өздүк салымы үчүн 293,0мин сом, каналдарды капиталдык оӊдоого өздүк салымы үчүн 150,0миӊ сом акча каражаты жумшалсын. 2823 беренесине Ысакова Мөөркандын арызы канааттандырылып 105,9 миӊ акча каражаты жумшалсын.
9. Чыгашаларды кварталдарга бөлүштүрүдө биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц фонддуна чегерүүлөр, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ( электроэнергия, көмүр, телефон байланышы ж.б) бөлүштүрүлгөндөн кийин калган турак жай чарбалык чыгымдарга керектөөлөр жасала тургун жумуштун убактысына жараша бөлүштүрүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кеӊештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба , инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Р. Ажыбаев |