Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 1
Каргалык айыл аймагына “Джи Эл Макмал Деволопинг” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулушу боюнча Тогуз-Торо районунун элинин жалпы чогулушунун № 1 протоколун талкуулоо жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин төрагасы Р.Ажыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагына “Джи Эл Макмал Деволопинг” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулушу боюнча Тогуз-Торо районунун элинин жалпы чогулушунун № 1 протоколу колдоого алынсын.
2. “Джи Эл Макмал Деволопинг” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулушуна жана иштешине каршы болгон жалпы элдин пикири эске алынып, курулуп жаткан комбинаттын иши токтотулсун.
3. “Джи Эл Макмал Деволопинг” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштерин токтотуу боюнча сессиянын токтому “Джи Эл Макмал Деволопинг” ЖЧКсынын директору М.Жээналиевге, райондогу жалпы маселелер боюнча менеджери Р.Асейиновго, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Т.Идирисовго жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бардык 3 комиссиясына теӊ бирдей жүктөлсүн.
5. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |