Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 2
Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоорлор боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколдорун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Кайыӊды каналын реконструкциялап, оӊдоп чыгуу боюнча долбоорун сунуштаган Кош-Булак айылынын элинин 05.02.2018-жылдагы № 4 жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Өрнөк каналын реконструкциялап, оӊдоп чыгуу боюнча сметасын түзүү долбоорун сунуштаган Өрнөк айылынын элинин 25.01.2018-жылдагы № 3 жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
3. Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Дөдөмөл айылынын ички жолдорун реконструкциялап, оӊдоп чыгуу боюнча долбоорун сунуштаган Дөдөмөл айылынын элинин 05.02.2018-жылдагы № 5 жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бардык 3 комиссиясына теӊ бирдей жүктөлсүн.
5. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |