Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 3
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү коомчулугунун Уставын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бул чечимге карата тиркемеге ылайык, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.(тиркелет)
2. Бул токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде Жениш туусу басылмасында, райондук администрациянын Интернет тармагындагы расмий сайтында жарыялансын.
3. Бул токтом аны расмий жарыялагандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырамын.
Төрага | Р. Ажыбаев |