Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-жылга бюджетинин аткарылышы жѳнʏндѳ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн 2017-жылга бюджетинин аткарылышы жѳнʏндѳ айыл ѳкмѳтʏнʏн финансы – экономика бѳлʏмʏнʏн башчысы Д.Жунусованын билдирʏʏсʏн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2017-жылга аткарылышы жѳнʏндѳ айыл ѳкмѳтʏнʏн финансы экономика бѳлʏмʏнʏн башчысы Д.Жунусованын билдирʏʏсʏ эске алынсын.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2017-жылга киреше бѳлʏгʏ 9382,1миң сом,чыгаша бѳлʏгʏ 9423,5мин сом болгондугу белгиленсин.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2018-жылга жыл башындагы калдык 124,7мин сом болгондугу белгиленип,айыл ѳкмѳтʏнʏн 2018-жылдагы бюджетинин чыгаша бѳлʏгʏнѳ кошумча план болуп киргизилсин. Башкаруу тармагынын 2721 беренесине 13,3 мин сом, 2215 беренесине 40,8 мин сом,билим берʏʏ тармагынын балдар бакчасына 2218 беренесине 35,6 мин сом,3112 беренесине 35,0 мин сом чыгымдалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бѳлʏмʏнʏн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Р. Ажыбаев |