Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 2
“Кызыл дан ” коомдук үрөн фондусун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин негизинде , Ленин айылында “Кызыл дан ” коомдук үрөн фондусун ачуу жөнүндөгү чогулуштун токтомун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылында уюшулган «Кызыл дан » коомдук үрөн фондусу уюштурулсун жана коомдук үрөн фондусунун уставы бекитилсин.
2. Коомдук үрөн фондунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген уставга ылайык иш алып барышын камсыз кылуу жагы коомдук фонддун төрагасы Оморов Дөөлөтбек милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды козомолго алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Ажыбаев |