Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 4
Сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө
Көп жылдан бери маданият тармагында иштеп келе жаткан Дөдөмөл айылындагы А.Бектеналиев атындагы айылдык клубдун башчысы Р.Сатымкуловду «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» айылдык көрсөтүү жөнүндө Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын) кезексиз чакырылган VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл Өкмөтүнүн тургуну , Дөдөмөл айылындагы А.Бектеналиев атындагы айылдык клубдун башчысы жакынкы арада боло турган майрамдык салтанаттарга карата «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.
2. Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыктарды кароо комиссиясына сунушталсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р. Ажыбаев |