Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 5
Тогуз-Торо айыл өкмөтүндө кайра бөлүштүрүү фонддун жерлеринин ижара акысын белгилөө жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижара акысы ар бир айылдын шартына жараша тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн жана түздөн-түз иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай маселелери боюнча башкы адиси Ж.Мурзакимовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
Төрага | Р. Ажыбаев |