Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 1
Азаматов Калдыбай орто мектебинин кулап калуу абалындагы эски имаратын сатуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ХХI шайланышынын кезексиз чакырылган VII сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азаматов Калдыбай атындагы орто мектебинин кулап калуу абалында турган мектептин эски имаратын сатуу боюнча Дөдөмөл айылынын элинин чогулушунун мектепти сатуу боюнча 25.04.2018-жылдагы № 12 протоколуна жана Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы «Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамына ылайык сатууга коюлсун.
2. Сатыкка коюлган имараттын жайгашкан жеринин орду сатылбасын.
3. Имаратты сатуудан түшкөн каражат Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүрүлсүн жана максаттуу пайдаланылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана сатуудан түшкөн каражатты көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Ажыбаев |