Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 3
“ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коомунун геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Кʏн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин XXI шайланышынын кезексиз чакырылган VII сессиясынын Тогуз-Торо айыл аймагына каращтуу Нарын дарыясынын сол куймасынан Ала-Буга дарыясынын Кызыл-Кыр аянтынан геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап кайрылган.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коомуна Тогуз-Торо айыл аймагындагы Нарын дарыясынын сол куймасынан Ала-Буга дарыясынын Кызыл-Кыр аянтынан геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берʏʏдѳн мурун тиешелʏʏ документтерин толуктап, кийинки кезексиз сессияга алып чыгуу жагы “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Ажыбаев |