Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 4
Айыл өкмөтүнүн балансасында турган айрым соц объектилерди ижарага берүү тууралуу
Тогуз-Торо айыл аймагын балансасында турган айрым соц объектилерди айылдын тургундары ижарага сурап кайрылууда Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ХХI шайланышынын кезексиз чакырылган VII сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн балансасында турган айрым соц объектилерди убактылуу ижарага берип турууга уруксат берилсин.
2. Ижарага берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн жана балансадагы соц объектилерди ижарага берүү, тиешелүү документацияларын даярлоо, алардан түшкөн каражатты максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы У.С.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Ажыбаев |