Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 6
Сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө
Дөдөмөл айылынын тургуну, ардактуу пенсионер, 10 баланын сүйүктүү атасы, бир нече Ардак грамотанын ээси, саяпкер Дүйшеев Үмөттү «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (XXI шайланышынын) кезексиз чакырылган VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл Өкмөтүнүн Дөдөмөл айылынын тургуну ардактуу пенсионер, 10 баланын сүйүктүү атасы, бир нече Ардак грамотанын ээси, саяпкер Дүйшеев Үмөттү жакынкы арада боло турган майрамдык салтанаттарга карата «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.
2. Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыктарды кароо комиссиясына сунушталсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана массалык маалымат сайттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р. Ажыбаев |