Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 7
Сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө
Энелер майрамына карата айылдын маданиятын көтөрүүгө салым кошкон энелерди айылдык кеӊештин “Ардак грамотасына” көрсөтүү жөнүндө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (XXI шайланышынын) кезексиз чакырылган VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир жылдын үчүнчү жекшембисинде болуучу майрамдык салтанатка карата, айылдын маданиятына кошкон салымдары, көп баланы тарбиялап өстүргөн, кыргыздын каада-салттарын көтөрүүгө кошкон салымдары үчүн Тогуз-Торо айыл ѳкмөтүнүн төмөнкү энелери айылдык кеӊештин «Ардак грамотасына» сунушталсын.
Мамытбекова Гүлсайра Капаровна
Биримкулова айнура Орозобековна
2. Сыйлыкка көрсөтүлгөн энелердин грамоталарын жасалгалоо жагы жооптуу катчы И.Борболдоевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р. Ажыбаев |