Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 1
Айыл аймагындагы балдар бакчалардын башчыларынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматын угуу
Наристе, Аздек, Жанылмырза балдар бакчаларынын башчыларынын маалыматын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Наристе, Аздек, Жанылмырза балдар бакчаларынын башчыларынын маалыматы эске алынсын, кетирилген кемичиликтерди жоюу жагы бала бакча башчыларына тапшырылсын.
2. Балдардын взносторун өз убагында чогултуу, ата-энелер комитети менен тыгыз иш алып баруу жагы бала бакчалардын башчылары А.Төлөгөнова, А.Өзүканова, М.Назаралиеваларга милдеттендирилсин.
3. Жанылмырза балдар бакчасынын башчысына взносторун чогултуу жана кызматчылардын ставкасын кайра карап чыгуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият, жана социалдык маселелер туруктуу комиссиясына тапшырылат.
Төрага | Р. Ажыбаев |