Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдагы аткарган иштерине баа берүү жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XX шайланышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жылдагы аткарган иштеринин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бюджети, ички жайыт эрежелери, типтүү келишими бекитилсин.
3. Малдын башына алынуучу салык айылдык кеӊештин көпчүлүк депутаттын колдоосу менен бодо, жылкы малга жан башына 75 сомдон болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Р. Ажыбаев |