Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 3
Айрым депутаттардын этикасын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XX шайланышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык каралсын.
2. Сессияга келбеген айылдык кеӊештин айрым депутаттары А.Көчөрбаев, Ч.Турдакунов, Т.Рыспаев, Бейшенбек уулу Нурсултандардын жалпы сессиядагы кечирим суроосу эске алынып, кийинки сессияларга калтырбай келүү жагы милдеттендирилсин.
3. Шаарда жашап, иштеген айылдык кеӊештин депуттарына телефон байланышын күчөтүү, ватсап ачуу шагы тапшырылсын жана 9 айдын жыйынтыгы менен эл алдына чыгып жүргүзгөн иштери боюнча отчет берүү жагы милдеттендирилсин.
4. А.Көчөрбаевдин чакыруу барагын берүү тартиби журналга кол коюулуп берилсин деген демилгеси шаарда жашагандыктан колдоого алынбасын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Ажыбаев |