Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 4
Комбайндын дан-эгин жыйноо норма-расценкаларын бекитүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күзгү оруп-жыюу өнөктүгүнө карата дан-эгин чабууда комбайндын расценкасы 1 га жер аянтын чабууга 25 литр күйүүчү май, 1300 сом болуп бекитилсин.
2. Комбайнды ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мүлктү ижарага берүү тартиби аркылуу жүргүзүү, тиешелүү документацияларын даярлоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Көчөрбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Р. Ажыбаев |