Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 5
Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоорлор боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Дөдөмөл айылынын ички жолдорун реконструкциялап, оӊдоп чыгуу боюнча долбоорун сунуштаган Дөдөмөл айылынын элинин 22.06.2018-жылдагы № 19 жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып өтүп, акча каражаты аз бөлүнүп калгандыктан кайрадан областтык өнүктүрүү фондуна сунуштап, тиешелүү документацияларын даярлоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Көчөрбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Р. Ажыбаев |