Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 1
Казарман айылынын Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактарында жайгашкан калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында “Тогуз-Торо Таза-Суу”(мындан ары ТТТСМИ) муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылдагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 15-март 2002-жылдагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 16-беренесине жана Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылында жайгашкан Тогуз-Торо жана Каргалык айыл аймактарынын жашоочуларын, мекеме ишканаларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында “Тогуз-Торо Таза-Суу” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы “Тогуз-Торо Таза-Суу” муниципалдык ишканасы (кыскача-ТТТСМИ) деп аталсын;
Мамлекеттик тилде: “Тогуз-Торо Таза-Суу” муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Тогуз-Торо Таза-Суу”
3. ”Тогуз-Торо Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.
4. Уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар: Тогуз-Торо районундагы Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактары.
5. Юридикалык дареги.Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо району Казарман айылы Жээналиев көчөсү-50.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттөргө милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |