Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 3
Тогуз-Торо айыл өкмөтүн “Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фонду” “Чакан кредиттик агенттиги коомдук фондусунун” уюштуруучулук курамына киргизүү жөнүндө
“Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фонду” “Чакан кредиттик агенттиги коомдук фондусунун” директору Калмурза кызы Анаранын жогорудагы маселе боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтү “Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фонду” Чакан кредиттик агенттиги коомдук фондусунун” уюштуруучулук курамына киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаеге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р. Ажыбаев |