Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 4
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагынын 3111 беренесинен эконом болгон 51, 5 миң сомду башкаруу тармагынын 2211 беренесине 20,0 мин сом , 2212 беренесине 10,0 миң сом , 2721 беренесине 14,5 миң сом , 2823 беренесине 7,0 миң сом жылдырылсын.
Билим берүү тармагынын 2224 беренесинен эконом болгон 100,0 миң сомду орто мектептин 2222 беренесине 36,0 миң сом ,бала бакчасынын 2231 беренесине 30,0 миң сом, аппараттын 2215 беренесине 34,0 миң сом жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Р. Ажыбаев |