Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры №3
Тулпардагы көпүрөгө Турусбеков Дүйшөнүн атын коюу жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тулпардагы көпүрөгө Турусбеков Дүйшөнүн атын коюу жөнүндө уулу Дүйшеев Үмөттүн кайрылуусун карап чыгып,Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман Бишкек жолундагы Тулпардагы көпүрөгө 13-жыл кайыкчы болуп иштеген эмгегин баалап маркум Турусбеков Дүйшөнүн ысымы “Тулпардагы “ көпүрөгө наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият, жана социалдык маселелер туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат сайттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет
Төрага | Р. Ажыбаев |