Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры №4
Токтожумаев Урматтын кайрылуусу жөнүндө
Токтожумаев Урмат Акматбековичти «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү үчүн Тогуз-Торо айылдык Кеңештин депутатты Г.Шайнаеванын корутундусун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Казарман айылынын тургуну Токтожумаев Урмат Акматбековичтин кайрылуусу документтери толукталып кийинки сессияда каралсын.
2. Иш кагаздары толук болбогондон кийин У.Токтожумаевге жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кайрадан кароо жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | Р. Ажыбаев |