Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры №7
Тогуз-Торо айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдарын бекитүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдарын карап чыгып Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 3-апрель 2018- жылдагы №32 буйругу менен бекитилген жумушчу комиссиясынын айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары жана жер фондусун инвентаризациялоо АКТысынын негизинде бекитилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдарын бекитип берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Р. Ажыбаев |