Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры №8
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин айрым беренеден беренеге жылыштыруу жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин айрым беренеден беренеге жылыштыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен түшкөн тендөөчү грант корголуучу беренелерге жана билим берүү тармагынын айрым зарыл болгон беренелерине жылыштырылып берилсин.
2. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аппаратынын эмгек акысынан үнөмдөлүп калган акча каражатынын 2111 беренесинен корголгон беренелерге ,орто мектептин электро энергиясы үчүн 2231беренесине 145,0мин сом,бала бакчанын тамак аш чыгымы үчүн 150,0мин сом,электро энергиясы үчүн 30,0мин сом,аппараттын көмүр алуу 2224 беренесине 50,0мин сом которулуп берилсин.
3. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аппаратынын эмгек акысынан үнөмдөлүп калган акча каражатынын 2111беренесинен билим берүү тармагынын айрым зарыл болгон беренелерине,орто мектептин санитардык кызматы үчүн 2215 беренесине 28,1мин сом,кышкы жылытуу үчүн керектүү жабдууларды алуу үчүн 2222 беренесине 19,7мин сом,бала бакчанын кышкы жылытуусуна керектүү жабдууларды алуу үчүн 2222 беренесине 17,2мин сом которулуп берилсин.
4. Финансы каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге которуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды
Төрага | Р. Ажыбаев |