Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешеге бөлүгүнүн 13321300 беренесине 500,0мин сом кошумча план болуп киргизилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын чыгаша бөлүгүнүн 31112320 беренесине 500,0мин сом кошумча план болуп киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага жана көзөмөлдөө жагы
Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды
Төрага | Р. Ажыбаев |